На главнуюБашкы бет / Башка дал келише турган түзүлүштөр

Башка дал келише турган түзүлүштөр

Көңүл бургула!
SAIMA TELECOM компаниясы төмөндө көрсөтүлө турган түзүлүштөрдүн иштөө жөндөмдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт. Бул тизмек сунуштоо эмес, маалыматтык гана мүнөздү алып жүрөт. Техникалык проблемалар боюнча Сиздерден жабдууларды сатып алган чекиттерге кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Sony Tablet Z планшети

LTE/4G түйүндөрүн кармай турган бул HD-планшет үйдүн чегинен сырткары байланышта болуу мүмкүндүгүн гана бербестен, туташуу ылдамдыгын дагы олуттуу жогорулатат. Кайсыл жерде болбосоңуз дагы видеону агымдык режимде токтоп калууларсыз көрүңүз жана Интернетте үзгүлтүксүз иштегенден ырахат алыңыз.

SAIMA 4G түйүнүндө иштөө үчүн Sony Tablet Zти калыпка салуу боюнча нускама


 

iPad Air планшети

Жаңы iPad Air — өтө эле жука жана жеңил. Бирок ал анысы менен бирге өзүнөн мурунку чыккан планшеттерден бир топ эле кубаттуураак жана функционалдуу.
А7 процессору, зымсыз байланыштын алдыңкы технологиялары жана iOS 7, — iPad Air байланышында иштей турган жумуш жана чыгармачылык үчүн мыкты тиркемелер сизге, сиз элестете алгандан алда канча көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Wi-Fi туташуусу: бар, Wi-Fi 802.11n, WiFi Direct
Bluetooth аркылуу туташуусу: бар, Bluetooth 4.0
SIM-картасынын тиби : nano SIM
Мобилдик байланышы : 3G, EDGE, HSCSD, HSDPA, HSUPA, HSPA+, GPRS, GSM900, GSM1800, GSM1900, LTE

SAIMA 4G түйүнүндө иштөө үчүн iPadды калыпка салуу боюнча нускама


 

Asus Nexus 7 LTE (2013) планшети

Өтө ачык сенсор жети дюймдук дисплейи жана кубаттуу төрт ядролуу процессору бар Asus Nexus 7 LTE планшети заманбап колдонуучу үчүн идеалдуу чечим болуп калат. Ал ошондой эле GPS-навигация үчүн мүмкүндүктөр менен жабдылган жана Wi-Fi түйүндүк модулуна, ошондой эле Интернет түйүнүнө туруктуу жогорку ылдамдыктагы зымсыз туташууну уюштуруу үчүн 3G жана 4G модемдерине ээ.

SAIMA 4G түйүнүндө иштөө үчүн Google Nexus 7 2013 LTEни калыпка салуу боюнча нускама
SAIMA 4G түйүнүндө иштөө үчүн Google Nexus 7 2013 LTEни калыпка салуу боюнча нускама (жаңыртылган)


 

TL-MR3220 зымсыз маршрутизатору

Зымсыз TP-LINK TL-MR3220 3G/4G маршрутизатору натыйжалуу зымсыз түйүндү тез жөнгө салууну жана 3G/4G мобилдик кошулмасынан ырахат алууга мүмкүнчүлүк берет. UMTS/HSPA/EVDO USB-модемин маршрутизаторго кошуп жаткан учурда ошол эле замат Wi-Fi кирүү түйүнү орнотулат, бул пайдалануучуларга Интернет түйүнүнөн 3G/4G камтуу аймагы бар кайсы гана жерде болбосун биргелешип пайдаланууга мүмкүндүк берет.

E398 модемин калыпка салуу боюнча нускама

Е3276 модемин калыпка салуу боюнча нускама

«Sigma» жана «Светофор» дүкөнүнөн сурагыла.


 

TL-MR3420 зымсыз маршрутизатору

UMTS/HSPA/EVDO 3G/4G USB-модемдери менен шайкеш келүүсү.
3G/WAN каналдарынын автоматтык кайра туташуу функциясы Интернет менен дайыма байланышта болууга кепилдик берет. Зымсыз кошулуу боюнча видеотасманы жогорку тактыкта көрүү мүмкүнчүлүгү бар, ылдамдык 300 Мбит/с чейин. Зымсыз түйүндү коргоону жеңил жөнгө салуу QSS кнопкасын бир жолу басуу менен ишке ашат. ВandwidthControl каналынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн башкаруу функциясы администраторлорго ар бир компьютер үчүн зарыл болгон каналдын кеңдигин алууга мүмкүндүк берет.

Инструкция по настройке модема E398

Инструкция по настройке модема Е3276

«Sigma» жана «Светофор» дүкөнүнөн сурагыла.


 

Чакан TL-MR3020 3G/4G-роутери

Кайсы гана түйүндө болбосун 150 Мбит/с ылдамдыктагы Wi-Fi түйүнүн түзүүгө жана 3G/4G-Интернетке мобилдик жабдууларды кошууга жөндөмдүү – бул үчүн модемди USB портко салуу керек. Ошондой эле жабдуу түйүндүк кабел аркылуу кадимки провайдерге кошулууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул маршрутизатор саякатка чыкканда пайдалануу үчүн эң ылайыктуу келген чакан көлөмү жана Mini USB порту менен айырмаланат, анын жардамы менен азыктандыруу үчүн азыктандыруучу ноутбукту же адаптерди кошууга болот.

«Sigma» жана «Светофор» дүкөнүнөн сурагыла.


 

Ички бардык багытталган антенналар

TP-Link TL-ANT2408CL 2.4ГГц күчөтүүчү коэффициенти 8 dBi

TP-Link TL-ANT2405CL 2.4ГГц күчөтүүчү коэффициенти 5 dBi

Шаардын шарттарында, бөлмөлөрдүн ичинде модемдин сигналын күчөтүү үчүн эң сонун тандоо. Антеннаны колдонуу жөнөкөй, жөнгө салууну же программалык камсыздоону талап кылбайт.

«Дельта Профи» дүкөндөрүнөн сурагыла.


 

TP-link 3220 жана 3420 роутерлери

Sierra Wireless 320 U LTE-модеми үчүн TP-link 3220 жана 3420 v.1 жана v.2 роутерлерин өзгөртүп кайра иштетүү боюнча нускамалар