На главнуюБашкы бет / Кошулуу / Saima4G интернетин кантип кошуу керек

Saima4G интернетин кантип кошуу керек

1: Saima4G тармагынын камтуу аймагы менен таанышуу зарыл

Эгер сиздин аймак камтуу картасында жашыл түс менен белгиленген болсо, анда ал Saima4G тармагындагы ишенимдүү сигналынын аймагында жайгашкан.
Ачык жашыл түс менен боелгон аймактарда Saima4G сигналы анча ишенимдүү эмес, мүмкүн, Интернетке чыгуу үчүн сизге Saima4G күчөтүүчү антеннасы керек.

2: Saima4G жабдуусун тандайбыз

  • бир компьютер же ноутбук үчүн Saima LTE Saima жана LTE WiFi USB модемин сатып алуу туура болот.
  • бир эле убакта бир нече жабдууну колдонуу үчүн сизге Ruby Wi-Fi роутери жардам берет

Ошондой эле сиз каалаган жабдууңузду өз алдыңызча, же компаниянын дилерлеринен сатып алсаңыз болот.

3: Тарифтик планды тандайбыз

  • «Ночной форсаж» (Түнкү форсаж) — Тарифтик план түнү бою интернетте отурган жаштар үчүн атайын арналган.
  • «Общение»(баарлашуу) — Социалдык тармактарга отуруп, жаңылыктарды окуп, форумдарды карап, достору менен скайп аркылуу сүйлөшүүнү каалагандар үчүн тарифтик план.
  • «Геймер» — он-лайн оюндарды ойногонду жактырган, жаңы фильмдерди жана башкаларды көчүрүүнү жакшы көргөн активдүү юзерлер үчүн тарифтик план.
  • «Свобода»(Эркиндик) — Ага жаккан ыр же кино көчкүчө, бир секунд да күткүсү келбеген мыкты колдонуучулар үчүн экстремалдык ылдамдыктагы тариф.
  • «VIP Статус» — бардыгынын мыктысын алып көнгөн Абоненттер үчүн түзүлгөн тариф. «VIP Статус» тарифинин ээлерине Компания эң жогорку бийиктикти, эң мыкты кызматты, премиалдык тейлөөлөрдү тартуулайт.

 

4: Saima4G жабдууларын сатып алуу жана Тарифтер пландары түйүндөрүнө келебиз

Saima4G жана Тарифтик планынын тандалган жабдууларын сатып алуу үчүн Сиз Компаниянын: Бишкек шаары, Чүй проспектиси ,111 А дареги боюнча жайгашкан кеңсесине же жакын арадагы дилердик түйүнгө келишиңиз зарыл. Жаныңызга Сиздин жеке паспортуңузду салып алууну унутпаңыз, анткени Saima4G жана Тарифтик план жабдуусун сатып алып жатканда Сизге SAIMA TELECOM Компаниясы менен байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу жазуу жүзүндө Келишим түзүү керек болот.

 

5: Тармакта катталуу жана Интернетке чыгуу

  • жабдууну компьютерге туташтыргыла, «Saima4G» программасы USB-модемди Сиздин компьютерге биринчи туташтырган учурдан баштап, автоматтык түрдө орной баштайт.
  • Сиздин жумушчу столдо «Saima4G» аталышы менен белги пайда болот. Аны эки жолу басып, ачылган терезеден «Туташуу» бөлүмүн тандагыла. Андан кийин “Туташуу” баскычын баскыла. Бир нече секунддан кийин Интернет тармагы менен туташат.
  • Saima4G тармагында андан ары иштөө үчүн жабдууну Өздүк кабинетте каттагыла.
    Каттоо үчүн зарыл:
    Өздүк маалыматтарды көргөзүү: паспорттук маалыматтар, колдонуудагы электрондук дарек жана уюлдук телефон.
    Ошондой эле Сизге төмөнку варианттардын бирин тандашыңыз керек болот: «Акысыз тесттик мезгил» (Бул кызмат Сизге үч күнгө Интернетте 2 ГБ көлөмдө акысыз тесттик жеткиликтүүлүк берет. Сиз сигналдык сапатын тесттен өткөрсөңүз болот, эгер Сизди сигналдын сапаты же деңгээли канааттандырбаса, биз сизге акчаңызды кайтарып беребиз) же «Тарифтин шарттарында колдонуп баштоо».
  • Тандалып алынган ылдамдыкка жараша абоненттик төлөм төлөп, 4G Интернетинен ырахат алыңыз.

Кененирээк