На главнуюБашкы бет / Кошулуу / Туташуу туурасында кененирээк

Туташуу туурасында кененирээк

Saima4G га туташуу үчүн туташуу топтомун сатып алуу керек, ага LTE USB-модем жана тарифтик планы менен SIM-карта кирет.

Эми Saima4G тармагына кошулуу абдан оңой – болгону үч кадам!

1-кадам: Программалык камсыздоону орнотуу

«Saima4G» программасы «Saima4G» программасы USB-модемди Сиздин компьютерге биринчи туташтырган учурдан баштап, автоматтык түрдө орной баштайт.Эгер программа өзү башталбаса, анда, сиздин ЖК автокое берүү кызматы өчүрүлгөн. Андай болсо программаны кол менен кое берүү керек. .

  • Жумушчу столдогу «Мой компьютер»(менин компьютерим) терезесин ачкыла.
  • «Saima4G» жаңы дискин эки жолу басып туруп, exe файлын киргизгиле.
  • Андан кийин программанын нускамасына жараша аракеттенип, модемди компьютерден ажыратпагыла.

Saima4G Saima4G SIM-картасы жана Saima4G USB-модеми менен биргелешкен ишке кепилдик берет. Saima4G SIM-картасы менен башка жабдуулардын иштеши, о.э. башка операторлордун SIM-картасынын   Saima4G USB-модеми менен иштешине кепилдик берилбейт.

2-кадам: Saima4G га кошулуу

Сиздин жумушчу столдо «Saima4G» аталышы менен белги пайда болот. Аны эки жолу басып, ачылган терезеден «Туташуу» бөлүмүн тандагыла. Андан кийин “Туташуу” баскычын баскыла. Бир нече секунддан кийин Интернет тармагы менен туташат.

Эгер сиз тармакты таба албасаңыз, анда, сиздин компьютериңиз Saima4G камтуу аймагынан тышкаркы аймакта. Муну Saima4G call-борборуна: 909 000 телефонуна чалып, же www.saima4g.kg сайтынан билсе болот.

3-кадам: Абонентти Saima4G тармагына каттоо

Saima4G USB-модем тармакты тапкандан кийин, Сиз www.saima4g.kg де «Өздүк кабинетке»кирип, катталышыңыз керек ( ! катталуусуз LTE кирүү мүмкүн эмес). «Өздүк кабинетке» кирүү үчүн Сиздин SIM-картага ыйгарылган телефон номерин (Login) жана PIN-код (Сыр сөз) киргизүү керек (! «Өздүк кабинетке» биринчи жолу киргенден кийин сыр сөздү жаңысына алмаштырууну унутпагыла).

Андан кийин, «Өздүк кабинетте» Saima4G тейлөө көргөзүү Эрежелери менен таанышкандан кийин, Сиз Абоненттин жеке картасын түзүшүңүз керек.

Даяр! Эми, тармактын тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн, болгону Saima4G USB-модемин туташтыруу керек!

«Өздүк кабинет» — бул Абоненттин жеке барагы, анын жардамы менен мүмкүн:

1.    өзүнүн жак эсебинин номерин билүү;

2.    баланстын абалын көзөмөлдөө;

3.    төлөм операциялары боюнча отчет алуу (төлөмдөрдүн тарыхы);

4.    сунушталган кызматтардын жана алардын бааларынын тизмесин кароо;

5.    тармакка жана «Өздүк кабинетке»кирүү үчүн сыр сөздү алмаштыруу;

6.    байланыш маалыматын өзгөртүү;

7.    тарифтик планды алмаштырууга арыз берүү;

8.    Интернетке кирүү боюнча статистиканы кароо;

9.    статистикалык IP-даректерди колдонуу.

Saima4G гу туташуу жана аны баптоо боюнча суроолор келип чыккан учурда, 909 000 телефону боюнча call-борборго чалгыла.

Сураныч, тейлөө көргөзүү тартиби менен таанышыңыз


MobilePartner жабдуусун орнотуу жана толкунга коюу