На главнуюБашкы бет / Кошулуу / ST200 swift модемине колдонмо

ST200 swift модемине колдонмо

Saima4G LTE (модель ST200 swift ) модемин түйүнгө алгачкы жолу кошуу үчүн:

1. SIM-картаны тиешелүү слотко салыңыз.  SIM-карта туура салынгандыгын текшериңиз. SIM-карта үчүн орун кайрылып ачылуучу  USB-штекердин алдында жайгашкан.


2. Saima4G  модеминин айлануучу бөлүп туруучу ордун ПКга кошуу үчүн буруңуз.

3. Saima4G модемин компьютерге кошуңуз.

4. PIN-коддун түйүнгө кирүүчү жолун ачыңыз: зарыл болгон сайтты жүктөөгө жасалган биринчи аракетте программа автоматтык түрдө Сизди http://status.saima4g.kg, «PIN-кодду блоктон чыгаруу» барагына багыттайт.

Эскертүү:

1. Saima4G LTE модеминде micro-SIM форматындагы SIM-карта пайдаланылат. Стандарттык өлчөмдөгү SIM-картаны пайдалана турган болсо SIM-картаны кесүү үчүн атайы жабдуу (степлер) пайдалануу зарыл.

2. Эгерде модемди программалык камсыздоо автоматтык түрдө орнобосо, орнотуу программасын “Менин компьютерим” папкасында пайда болгон «Saima4G» (файл AutoRun.exe) дискинен кол менен кое бергиле.

3. Saima4G түйүнүнө модемди кошуунун абалы, техникалык параметрлер, статистиканы http://status.saima4g.kg сайтынан билүүгө болот.

Абонентти Saima4G  түйүнүнө каттоо

http://status.saima4g.kg каттоо барагында Сиз “Абоненттин профайлын” толтурушуңуз керек. Каттоосуз Интернетке кирүү мүмкүн эмес. “Абоненттин профайлы” толтурулгандан кийин Сиз “Акысыз тесттик мезгилди” тандашыңыз зарыл.

Акысыз тесттик мезгил

Интернетке акысыз тесттик кирүү төмөндөгү шарттарда берилет:

· “Акысыз тесттик мезгил”    кызматы активдешкен учурдан тарта үч календардык күндө же

· Трафиктин лимити 2 Гб маалымат өлчөмүндө болгондо (тышкы трафик+ KG)

Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелердин бирине жетишкенде система Сиз сунушталган шарттардын бирин тандашыңыз керек болгон баракчага автоматтык түрдө жөнөтөт.

Абоненттин “Жеке кабинетке” тесттик мезгил аяктагандан кийин кириши

Эгерде Сиз тандаган тарифтик пландын шарттарындагы кызматтан пайдаланууну кааласаңыз, Сиз “Улантуу” кнопкасын басыңыз. Ушундан соң “Абоненттин жеке кабинетине кирүү сыр сөзүн алмаштыруу” баракчасында баштапкы сыр сөздү жаңысына алмаштырыңыз.
Сиз байланыш көрсөтүү кызматы келишими менен таанышып жана өзүңүздүн “Макулдугуңузду” тастыкташыңыз керек.

Ушундан соң “Абоненттин жеке кабинетине кирүү сыр сөзүн алмаштыруу” баракчасында баштапкы сыр сөздү жаңысына алмаштырыңыз. Жеке кабинетке кирүүнүн баштапкы сыр сөзү SIM-картанын “көйнөгүндө” көрсөтүлгөн PIN-код болуп саналат. “Катталууну” тандагандан кийин система автоматтык түрдө Сизге энчилүү эсепти ыйгарат.

Даяр! Эми Сиз Saima4G түйүнүнө зымсыз кирүү кызматтарынан чектөөсүз пайдалана аласыз.
Андан ары жеке кабинетке кирүү үчүн Сизге телефондун номерин (Login)  же энчилүү эсепти пайдалануу керек болот, андан ары Сиз орноткон “Кирүү сыр сөзү” колдонулат.

 

Saima4G модеминин индикатору

Индикатордун абалы Мааниси
Туруктуу көк түс USB-модем LTE түйүнүнө кошулган, маалыматтарды берүү
Өчүп-жанган жашыл түс Диагностика, эскертүү, түйүндү издөө


Saima4G модеминин негизги пайдалануучу мүнөздөмөлөрү

•    LTE байланыш стандарты
•    Түйүндүн жарык диоду менен иштөөчү индикатору
•    Орнотулган антенна
•    ПКга  USB-ажыратуучуну кошуу
•    ПО Saima4G түйүнү менен кошуу үчүн модемдин эсине орнотулган.
•    Модемди азыктандыруу компьютердин USB-ажыратуучусу аркылуу ишке ашырылат.
•    ОС менен шайкештик: MS Windows XP SP3/Vista/7/8, Mac OSX 10.6  жана андан жогору, Linux жана башкалар (CDC/RNDIS колдоо менен).

Системалык талаптар

•    800дөн кем эмес дисплейди 600гө уруксат берүү
•    Компьютердин ыкчам эске тутуусу 128 Мб  жана андан жогору.
•    Катуу дискте бош 100 Мбайт орун болушу керек.

Эскертүү:
•    Системанын дал келишпеген конфигурациясы Сиздин компьютердин модем менен иштөөсүнүн өндүрүмдүүлүгүн начарлатышы ыктымал.
•    Маалыматтарды берүү ылдамдыгы Сиздин компьютердин конфигурациясынан көз каранды болушу мүмкүн.

 

Коопсуздук техникасы жана жабдууларды пайдалануу эрежеси

Эрежелер менен кунт коюп таанышыңыз. Бул сизге күтүлбөгөн жагымсыз кырдаалдардан качууга жардам берет жана Saima4G USB-модеминин толук баалуу ишин камсыздайт.
•    Жабдууну жогорку же төмөнкү температуранын таасирине дуушар кылбаңыз.
•    Модемдин тетиктерине нымдуулуктун киришинен сактаныңыз. Аны суу болгон колдор менен кармабагыла!  Модем нымдын таасиринен улам бузулуп калганда кепилдик аткарылбайт.
•    Модемди кургак, таза жана желдетилип турган бөлмөдө сактагыла жана пайдалангыла.
•    SIM-картаны модем колдонулуп жаткан учурда чыгарбагыла. Сиз модемди бузуп жана эске тутуу картасында сакталып турган маалыматтарды жоготуп алышыңыз мүмкүн.
•    Модем менен иштөөдө денеден 2,5 см аралыкты сактагыла.
•    Колдонуу учурунда модем ысып кетиши мүмкүн. Тескери кесепеттеринен сактануу үчүн ысып кеткен модемди ПКдан чыгарбагыла.
•    Модемди учактын ичинде иштетпегиле. Зымсыз жабдуу учактын жабдуусунун нормалдуу иштөөсүнө тоскоол болушу ыктымал.
•    Модемди балдар жана жаныбарлар тийбей турган жерде кармагыла. Алар модемди же анын бөлүктөрүн капыстан жутуп алышы мүмкүн.
•    Модемди медициналык мекемелерде өчүрүп коюңуз.
•    Сокку же кулап түшүү модемдин бузулуусуна алып келиши ыктымал. Эгерде сиз өзүңүздүн компьютериңиздин же ноутбуктун ордун которсоңуз, USB-портко зыян келтирбеш үчүн модемди өчүрүп коюңуз.
•    Модемди чечип же оңдоого аракеттенбеңиз, болбосо кепилдик жараксыз болуп калат.