На главнуюБашкы бет / Кошулуу / Бузулууларды өз алдынча оңдоо

Бузулууларды өз алдынча оңдоо

Божомолдонгон себеп Мүмкүн болгон чечим


Модемдин индикатору күйбөй калды
Модем компьютердин жумушчу USB-портуна туташкан эмес. Модем USB-портко жакшы туташкандыгын текшерүү керек. Эгер модем мурдагыдай иштебей жатса, аны башка USB-портко кошууга аракет кылгыла.
Модем Saima4G түйүнүн тапкан жок. Туташууда жаңылыштык кетти (модем жашыл же көк түстө күйгөн жок)
Сигналдын алсыз кубаттуулугу. Модемди жакшы кабыл алынган аймака алып баргыла. Терезенин жанында түйүндүн сигналы бийигирээк болот.

 

Модемде SIM-карта жок. Модемди ЖКдан өчүргүлө. Saima4G SIM-картаны модемге орнотуп, модемди кайрадан компьютерге бекиткиле.

 

Saima4G USB-модеми үчүн программалык камсыз кылуу тура эмес орнотулган Туура эмес орнотулган программаны өчүрүп, аны кайрадан орноткула:

  1. «Пуск» менюсун ачкыла,
  2. «Башкаруу панели» бөлүмүн ачкыла,
  3. «Программаларды орнотуу жана өчүрүү» белгисин баскыла.

Программаны өчүргөндөн кийин,Компьютериңизди кайра күйгүзүп программаны кайра орноткула.

 

Башка программалар менен жаңжал. Эгер сиздин ЖКда башка операторлордун түйүнүнө кошулуу үчүн программалар орнотулган болсо, анда алар «Saima4G» программасынын ишине жолтоо болушат. Ошондуктан, мындай программаларды өчүрүп салгыла. 
Индикатор күйүп турат, бирок Интернетке кирүү мүмкүн эмес
Сиздин балансыңызда каражат жетишсиз Өз эсебиңизди «Өздүк кабинеттен» текшергиле. Эгер акча жетишсиз болсо, балансыңызды толтуруңуз.

 

Модемдеги MicroSD эс тутум картасы иштебейт
Тура келбеген MicroSD эс тутум картасы колдонулууда. Модемдин иши эс тутум көлөмү 4 Гб ашпаган MicroSD-карталары менен гана иштейт.

 

Модемдин стабилдүү эмес иштеши
«Saima4G» программасы тура эмес орнотулган. «Saima4G» программасын кайра орнотуу керек.

 

Башка оператордун SIM-картасы колдонулууда Saima4G SIM-картасынын жана Saima4G модеминин биргелешкен иши кепилденген. Saima4G SIM-картасы менен башка жабдуулардын иши Saima4G USB-модеминин башка операторлорунун SIM-картасы сыяктуу кепилдикке алынган эмес.